Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруунун улуттук ыктыярдуу серебин көрсөттү

3841

2020-жылдын 16-июлунда БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОК) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун (ТӨСФ) алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын (ТӨМ) Кыргыз Республикасындагы ишке ашырылуусунун Улуттук ыктыярдуу серебин (УЫС) тартуулады.

​Маалымат үчүн: 2015-жылы БУУну Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында Уюмдун баардык мүчө өлкөлөрү тарабынан “Биздин дүйнөнүн өзгөрүүсү: 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартип” деп аталган 70/1-резолюция кабыл алынган. Бул резолюция 17 ТӨМдү аныктоо жолу менен 2015-2030-жж. мөөнөтүнө карата туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттарын бекиткен. Аталган максаттардын ишке ашырылуусунун жүрүшүнө көзөмөл салуунун негизги куралы болуп, жыл сайын өткөрөлүүчү ЭКОСОК ТӨСФтүн алкагында тартуулануучу улуттук ыктыярдуу серептер саналат. Кыргыз Республикасынын УЫСын тартуулоо боюнча арыз 2019-жылдын февраль айында тапшырылган. 

​Аталган УЫС узак мөөнөт бою жүргүзүлүп келген көп тармактуу иштердин натыйжасында тартууланды. Серепти иштеп чыгууга, тематикалык жумушчу топторго бөлүнүп алып, Кыргыз Республикасынын дээрлик баардык министрликтери жана ведомстволору катышкан. Документти даярдоо убагында БУУнун тутумуна кирген мекемелер методикалык жана логистикалык колдо көрсөтүшкөн.

​Улуттук ыктыярдуу серептин бет ачаарын жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов ТӨСФтүн катышуучуларына туруктуу өнүгүү жаатындагы өлкөнүн негизги стратегиялык документтери, аткарылып жаткан иштердин принциптери жана негизги багыттары жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, Мониторинг жана баалоо боюнча улуттук тармактын өкүлү Т.Третьякова жана ТӨМ жаш элчиси А.Бакытов жарандык сектордун УЫСты даярдоого жана ТӨМдөрдү Кыргыз Республикасында ишке ашырууга катышуусу жөнүндө айтып беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK