2021-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулу Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилигинин Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен видеоконференция форматындагы жолугушуусуна катышты.

1692

Россия Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрына чейинки Жарлыгынын мезгилинде мигранттардын өлкөдө калышына бир катар жеңилдиктерди берген, 840 миңге жакын чет өлкөлүк жаран укуктук статусун чечкени маалым болгон.

Белгиленгендей, тартып берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланбаган чет өлкөлүк жарандар 2021-жылдын 1-октябрынан Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жайгашкан деп эсептелет жана аларга административдик чаралар колдонулат.

Консул Россия Федерациясынын аймагында болууну мыйзамдаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык паспорттоштуруу боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө паспорт алган жана алмаштырган Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагынан чыкпастан эле Россия Федерациясынын аймагында миграциялык каттоону / регистрацияны узарта алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK