2022-жылдын 16-ноябрында Элчи Г.-К. Самат Москва үчүн салгылашууда легендарлуу 316-гвардиялык Панфилов аткычтар дивизиясынын аскерлеринин өчпөс эрдигинин 81 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

932

         2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат Россия Федерациясынын Москва облусунун Волоколамск шаардык округунун администрация башчысы М.И.Сылкинин чакыруусу менен Волоколамск багытында Москва үчүн салгылашууда легендарлуу 316-гвардиялык Панфилов аткычтар дивизиясынын аскерлеринин өчпөс эрдигинин 81 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

         Дубосеково түйүнүндөгү Нелидово айылында жайгашкан Баатыр-панфиловчулардын мемориалына жана бейитине гүл коюу аземи, генерал И.В.Панфиловдун үй-бүлөсүнүн өкүлдөрүнүн, ардагерлердин жана Россия Федерациясынын Москва облусунун бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда сыйынуу жана «Бул эскерүү бүткүл Жер жүзүнө керек!» деген эскерүү митинг-реквиеми менен өттү.

Митингде сүйлөгөн сөзүндө Элчи Г.-К. Самат генерал Панфилов башчылык кылган Кыргызстандык жергиликтүүлөрдөн түзүлгөн легендарлуу 316-гвардиялык Панфилов аткычтар дивизиясынын эрдигинин Улуу Ата Мекендик согуштун жылнаамаларындагы өзгөчө ордун баса белгиледи.

        Өзүнчө Волоколамск шаарында Россия, Кыргызстан жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ислам руханий-агартуу борборуна орнотулган Советтик согуштун курман болгон жоокерлерине арналган мемориалдык тактанын салтанаттуу ачылышы болду, ошондой эле СССРдин Баатыры, Кыргызстандын панфиловчу-жоокери Дүйшөнкул Шопоковдун бюстуна гүл коюу аземи болду.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK