2022-жылдын 22-ноябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Саматтын кыргыз аймактык диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту

865

2022-жылдын 22-ноябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Саматтын кыргыз аймактык диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин, ошондой эле Россия Федерациясынын Дин Башкармалыгынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Дин башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү жана «Зякат» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга жардам көрсөтүү боюнча «Зякат» фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ал эми Россия Федерациясынын Дин Башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Дин башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлдөрү сөөк коюу, ошондой эле руханий-адептик негиздер боюнча жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы Элдик Курултай боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK