Элчиликтин 2023-жылдын 10-январындагы маалыматтык билдирүүсү

993

Интернет-ресурстарда тарап жаткан “Санкт-Петербургда эркек киши Кыргызстандын жаранын сабап, шампандын бөтөлкөсү менен чапканы, кийин анын каза болгону” тууралуу маалыматка байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы билдиргендей, 2023-жылдын 1-январында Санкт-Петербург шаарында 1998-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.О. аттуу жараны башынан жаракат алып, И.И.Джанелидзе атындагы Санкт-Петербург шаарындагы тез жардам илимий-изилдөө институтуна келип түшкөн.

Канцеляриянын алдын ала маалыматы боюнча, кафеде ичимдик ичип отурган достордун ортосунда чыр чыккан. Мас абалындагы жаңжалдын катышуучусу КРнын А.О. аттуу жаранын бутылка менен башка чапкан, анын кесепетинен ал баш мээсинен жаракат алып, ушул жылдын 7-январында ооруканада каза болгон.

Аталган факты боюнча тергөөчүлөр тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмү «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кийинки тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы жүк-200дү Кыргыз Республикасына жөнөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK