Тилекке каршы, Кыргызстандын айрым ЖМКлары жана социалдык тармактардын колдонуучулары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.К.Анын көп кабаттуу турак жайдан кулап каза болушунун себептери тууралуу такталбаган, туура эмес маалыматтарды таратууда. Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча ар кандай версиялар, ушак-айың кептер айтылууда.

1711

Элчилик Россиянын Тергөө комитетинин Казань шаарындагы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү менен такай байланышып жатат. Тиешелүү суроо-талаптар Ромсиянын укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

         Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, бир катар экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы 30 күндөн кийин белгилүү болот. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Кыргызстандын жаранын зордуктоо фактысы жокко чыгарылган.

         Кошумчалай кетсек, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнү уюштурууга Элчилик жардам көрсөтпөгөнү тууралуу маалымат таркап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган. Элчиликке бул маселе боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн эмес. Өз кезегинде Элчиликтин кызматкерлери каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын апасынын байланыш телефонун өз алдынча таап, ага жардам көрсөтүү, анын ичинде сөөктү мекенине алып келүү үчүн каражаттарды алуу тартибин түшүндүрүп кайрылышкан. Ошол эле учурда жаран Элчиликтин жардамынан баш тарткан.

         Ушуга байланыштуу Элчилик дагы бир жолу билип туруп такталбаган жана жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK