Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жарыяланган мамлекеттер аралык издөөнүн негизинде Россиянын Федерациясынын Нижний Новгород шаарынын эл аралык аэропортунда кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Э.Маджитовго байланыштуу кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

1930

Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын 2021-жылдын 6-июлундагы чечими менен Э.Маджитовго карата камакка алуу түрүндө мурда тандалып алынган чара, РФ  аймагынан  чыкпоо жана тийиштүү жүрүм-турум жөнүндө аныктамага өзгөртүлүп, буга байланыштуу Э.Маджитов Нижний Новгород шаарынын тергөө изоляторунан бошотулган.

Ошол эле учурда Э.Маджитовго карата экстрадиция боюнча текшерүү аягына чыга электиги айтылууда.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерлери жогоруда аталган жарандын жактоочусу менен ар дайым байланышта экендигин маалымдайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK