Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги 19 жаштагы КР жаранынын өлүмү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

2018

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги 19 жаштагы КР жаранынын өлүмү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казань шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон 2002-жылы туулган Б.К.А., аттуу Кыргызстандын жараны 2021-жылдын март айында апасы менен Москвадан Казанга келген.

Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары иликтеп жатат. Учурда өлүмдүн жагдайы иликтенүүдө. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышта.

Элчилик маркумдун апасы менен байланышта, ал кызынын өлүмү тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратпоону суранган. Апасына маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнүн тартиби боюнча кеңештер з убагында берилген. Сөөк 2021-жылдын 5-декабрында Москва аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Этикалык нормаларды жана жеке адамдардын укуктарын сактоо максатында айрым фактылар ачыкка чыкпасытыгын билдиребиз.

Ушуга байланыштуу Элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын, көпчүлүктүн көңүл буруу объектисине айланган жабырлануучулардын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого, ошондой эле адамдардын жана алардын жакындарынын кызыкчылыктарына таасир эткен маалыматтарды таркатпоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK