Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат менен Молдова Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лилиан Дарийдин жолугушуусу болуп өттү.
2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат менен Молдова Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лилиан Дарийдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар кыргыз-молдова мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен Молдованын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында түрдүү деңгээлдеги байланыштарды жөнгө салуунун маанилүүлүгү тууралуу өз ара пикирлерин билдиришти.