Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Н.Шайлдабеканын Москва шаарындагы жана Москва облусундагы  кыргыз диаспорасынын лидерлери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду

3657

2020-жылдын 7-февралында Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Н.Шайлдабеканын Москва шаарындагы жана Москва облусундагы  кыргыз диаспорасынын лидерлери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов, КРнын ТИМнин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МККнын “Инфоком” МИнын, КРнын ИИМнин жана Миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Элчиликтин кызматкерлери катышышты.

Жолугушуунун негизги максаты  чет өлкөлөрдө «Жарандык укук, жарандык милдет» деп аталган маалыматтык кампаниянын алкагында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын депутаттарын шайлоо" тууралуу КРнын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин шайлоо укуктарын пайдаланышы үчүн кандай шарттар түзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берүү болду.  

Жолугушуунун катышуучулары 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо тууралуу мыйзамды жакшыртуу Стратегиясынын алкагында чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруусунун шарттарын өркүндөтүү боюнча КРнын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүү пландаштырылган ЖКнын депутаттарын шайлоого даярдыктар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КРнын БШКнын Төрайымы Н.Шайлдабекова кыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдардын  лидерлерин кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK