Элчилик аймактар консулдук чыгууларды баштады

2197

2021-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргызстандын жарандарына консулдук жана укуктук маселелер, иш кагаздары боюнча консультация түрүндө жардам көрсөтүү максатында Россиянын аймактарына консулдук сапарларын улантты. Ошондой эле Волга Федералдык округунда жана Калининград аймагында жайгашкан Кыргызстандын жарандары консулдук кызматтарды ала алышты.

Бул иш 2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Консулдук ишти күчөтүү жана Россия Федерациясында убактылуу жана туруктуу жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо максатында, учурда консулдук кызматкерлердин Россия Федерациясынын башка аймактарына чыгуусу боюнча маселелер иштелип жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK