Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти 2019-жылдын 14-январынан тартып тесттик режимде WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдары иштей баштагандыгын маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти 2019-жылдын 14-январынан тартып тесттик режимде WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдары иштей баштагандыгын маалымдайбыз. Консулдук кызмат департаментине +996 (551) 312-000 аркылуу билдирүү жөнөтүүгө болот.
Долбоордун негизги максаты - чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргызстандык жарандарын укугун коргоо максатында тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөрдү кабыл алуу. Ошондой эле Кыргызстандын чет мамлекеттердеги мекемелеринин ишмердиги тууралуу пикирлерди кабыл алат.