КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2206

КРнын РФдагы Элчилиги, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн оор кырдаалга туш болгон, тезинен чара көрүүнү талап кылган бардык көйгөйлүү маселелер боюнча жарандар менен тыгыз кызматташуу максатында Элчинин жана Консулдун түз байланыш телефону иштеп баштагандыгын маалымдайт.

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир оор жагдайга туш болуп, тезинен юридикалык жана консулдук жардамга муктаж болгон учурда төмөнкү түз байланыш телефондору аркылуу байланыша алат:

Элчинин түз байланыш номери - +7 (925) 285 – 50 – 47 (ошондой эле WhatsApp билдирүүлөр);

Консулдун түз байланыш номери - +7 (925) 115 – 50 – 47(ошондой эле WhatsApp билдирүүлөр).

Көрсөтүлгөн Элчи менен Консулдун түз байланыш телефондору күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK