2021-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен, кыргыз диапора уюмдарынын демилгеси боюнча «Жомокторго саякат» аттуу балдар майрамы болуп өттү.

1671

Ошондой эле Кыргызстандан келип, Россияда эмгектенип жаткан мекендештердин балдары «Жомокторго саякат» аттуу концерттик жана көңүл көтөрүүчү балдар оюндарына катышты.

Элчиликтин өкүлү тарабынан  окулган,  Элчи Г-К.Саматтын балдарга карата куттуктоосунда,  балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгү айтылып, ар бир наристе бактылуу, дени сак, мээримге жана камкордукка бөлөнгөн үй        -бүлөдө өсүүсү шарт экендиги белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Элчилик тарабынан балдарга  таттуулар таратылды.

Мындан сырткары, ушул жылдын 30-майында Элчилик тарабынан балдар жана чоңдор арасында шахмат оюну уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK