Социалдык тармактарда тарап жаткан 1988-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.А. Москва шаарынын Хамовники районунда Россиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан уурдалгандыгы жана болжолдуу түрдө физикалык күч колдонулгандыгы жөнүндө маалымат жарыялангандыгына байланыштуу, Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

2235

2021-жылдын 2-июнунда болжол менен саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн ишеним телефонуна (арыз ээси өзүн тааныштырган жок) Кыргыз Республикасынын жараны М.А., Москванын Хамовники району боюнча Россиянын ИИМнин бөлүмү тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жана токмоктолгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Айтылган кабар боюнча полиция кызматкери И. В., менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, 1988 – жылы туулган жаран М. А., Анти-террор полициялык иш-чарасынын жүрүшүндө кармалып, Москванын Хамовники району боюнча Россиянын ИИМнин полиция бөлүмүнө  жеткирилгени аныкталган. Ага карата Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 19.15.1 беренесине ылайык токтом түзүлүп, кийин кое берилген.

Учурда,  1988-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.А. карата анын кайра кармалуусу боюнча  жагдайды аныктоо максатында  Москванын Хамовники району боюнча Россиянын ИИМнин полиция бөлүмүнө  суроо- талап жиберилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK