Ушул жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат «Россия темир жолу» ААКнын Башкы директорунун орун басары Вячеслав Альфредович Павловский менен жолугушуу өткөрдү.

1698

Ушул жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат «Россия темир жолу» ААКнын  Башкы директорунун орун басары Вячеслав Альфредович Павловский менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги максаты - жарандардын жогорку суроо-талабынын жана Кыргыз Республикасында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын бир аз турукташуусунун фонунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну калыбына келтирүү маселесин талкуулоо болду.

«Россия темир жолу» ААКнын  Роспотребнадзордун маалыматын эске алып, Россия Федерациясынын Ыкчам штабы тарабынан чечим кабыл алынарына таянуу  менен темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну эрте баштоого кызыкдарлыгы билдирилди. Бул контекстте, россия тарабынан Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын, транспорттук жана темир жол байланышы жаатындагы ведомстволорунун ортосунда жигердүү иштөөнүн зарылдыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасында  жаңы коронавирус инфекциясы боюнча ПЧР тесттеринин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындан тышкары, «Россия темир жолу» ААК линиясы боюнча ири инфраструктуралык автожол долбоорлорундагы иштерге тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан курулуш тармагындагы адистерди издөөдө жана тандоодо ыкчам  жардам көрсөтүү өтүнүчү келтирилди.

Маалымат үчүн: 2020-жылдын 17-мартына чейин (пандемияга байланыштуу чек аранын жабылышы) жүргүнчү ташуучу поезддер Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Бишкек-Москва каттамдары боюнча жумасына 2 жолу, Бишкек-Новосибирск шаарларында 8 күндө 1 жолу, Бишкек-Казань жумасына 1 жолу жүрөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK