Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 «Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-майында күчүнө кирген Токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу болду.

1668

Жолугушуунун жүрүшүндө, чет өлкөлөрдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу маселеси боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Элчилик, жакын тууганы же чет мамлекетте каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланыштуу түздөн-түз чыгымдарды көтөргөн жакын тууганынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты бар адам гана бир жолку төлөмдү алууга укуктуу экендигин дагы бир жолу кайталады.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчилик дагы бир жолу эскертет, бир жолку төлөмдү алуу үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- акча каражатын алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

- туугандык жакындыгын тастыктаган документтери (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);

- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук мыйзамдаштыруу белгиси же апостилдик буйрук менен,  өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же өлгөндүгү жөнүндө маалымдаманын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

- акча каражатын алууга ишеним көрсөтүлгөн адамдын атына ишеним каттын оригиналы (ишеним  кат жакын тууганы тарабынан берилет).

Ошол эле учурда, алуучу сунушталган документтердин тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жооп берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK