Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы «Санкт-Петербург шаарында 20 кыргыз жараны кармалды. Аларды депортациялоо менен коркутушууда» - аттуу (http: // https://24.kg/proisshestvija/) билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербургдагы Кеңсеси төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

1695

2021-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербургдагы София жашылча базасынын аймагында укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча, 23 чет элдик жаран, анын ичинде Кыргыз Республикасынын үч жараны, Фрунзе райондук ички иштер бөлүмүнүн 7-бөлүмүнө жеткирилген. Өздүгүн тастыктаган документтерин жана Санкт-Петербургдун аймагында болуусунун мыйзамдуулугун текшерүү жол-жобосунан кийин, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын жарандары бошотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK