Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина менен жолугушуусу болуп өттү.

1525

2021-жылдын 18-июнунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар экономика, финансы жана банк жаатындагы кыргыз-россия кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле ушул жылдын 18-июнунда Москва шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР Экономика жана финансы министри А.Жапаровдун Россия Федерациясынын Федералдык Салык кызматынын Төрагасынын орун басары Юлия Шепелева менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанга акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен мындан аркы иштин маселелери козголду.Мындан тышкары, тараптар бул багытта Россия Федерациясынын белгилүү бир ченемдик укуктук базасын үйрөнүү жана контролдоо иштеринде контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен кошо Россия тарабы топтогон тажрыйбаны изилдөө зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK