2021-жылдын 30-июнда Москва улуттар үйүндө кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына карата Элчиликтин колдоосу менен Москвадагы кыргыз диаспорасы уюштурган конференция болуп өттү.

1547

2021-жылдын 30-июнунда Москва улуттар үйүндө кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына карата Элчиликтин колдоосу менен Москвадагы кыргыз диаспорасы уюштурган конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиев, достук мамиледеги элдердин диаспора өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин кеңешчиси А.Букалаев өз сөзүндө, өмүрүн Мекенинин көз карандысыздыгы жана кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн күрөшүүгө арнаган Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесин ар бирибиз жүрөгүбүздө ыйык тутушубуз керек деп белгиледи.

Бул максатты аткарууга 2021-жылдын 11-февралында  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров кол койгон «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгы кзымат кылат.

Кыргызстандын Элчилиги Россия тарабынан Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланыштуу архивдик материалдарды Россиянын мамлекеттик архивинен издөөгө жана алууга көмөк көрсөтүүсүн сурады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK