Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва облусунун Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган 4 Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва облусунда Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган 4 Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Учурда Россия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат.
Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Андыктан Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырат.