Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасы уланууда.

1514

2021-жылдын 24-июлунда Элчиликте Кыргызстандын жети дубанынын таланттуу өкүлдөрүнөн турган «Кыргыз Этномаданияты - Кыргыз Өнөрү» чыгармачыл тобу менен биргеликте маданий иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланды, анда кыргыз элинин улуттук аспаптарынын коштоосунда ырлар жана музыкалык чыгармалар аткарылып, улуттук бийлер көрсөтүлдү. Ошондой эле  таанып- билүү жана спорттук оюндар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык жигердүү катышкан кичинекей бөбөктөргө улуу кыргыз жазуучусу А.Осмоновдун «Навеки Иссык-Куль полюбила Нева» аттуу чыгармалар жыйнагы белекке берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK