Элчилик Москва шаарынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Россиядагы улуттук диаспоралык бирикмелердин катышуусунда 2019-жылдын 24-мартында Москва шаарынын Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ВДНХ) имаратында өткөн «Нооруз-2019» майрамына катышты

5290

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Россиядагы улуттук диаспоралык бирикмелердин катышуусунда 2019-жылдын 24-мартында Москва шаарынын Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ВДНХ) имаратында өткөн «Нооруз-2019» майрамына катышты.

Майрамдын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов, Москва шаарынын улуттук саясат жана аймактар аралык департаментинин директору В.И.Сучков, айрым КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын башчылары, ошондой эле Россиянын аймактарынын  ыйгарымдуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Москва шаарындагы улуттук диаспоралардын жетекчилери катышты.

Күн менен түн теңелген, элдик ынтымак, биримдикке чакырган Нооруз майрамы Москва шаарында ушул жылы 14-жолу өткөрүлүп жатат.

Нооруз майрамынын көрүүчүлөрүнө быйыл абдан тыгыз программа сунушталган: улуттук спорттук оюн күрөш боюнча мелдештер, Москвада бир топ даңазалуу болуп калган  “Аш демдөө Фестивалы”, улуттук аянтчалар, Россия эстрадасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү артисттери катышкан Гала-концерт, чыгармачыл жамааттардын өнөрлөрү, балдар үчүн атайын аянтча жана атайын insta-аянтча.

Иш-чарада Кыргызстандын атынан  Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынан "Мекеним Ала-Тоо" аймактар аралык уюму жана "Кыргыз Биримдиги" эл аралык коомдук уюмдун биргелешкен программасы тартууланды

ВДНХнын 75-павильонунун ортосунда бардык жасалгасы менен алты канат Боз үй тигилип, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып жатты. Каалагандар сүрөткө түшүп, улуттук даамдардан ооз тийип, улуттук кийимдери менен таанышышты.

Майрамдын концерттик программасында жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толгон Кыргызстандын Элчилиги жана "Мекеним Ала-Тоо"  аймактар аралык уюму тарабынан атйын Кыргызстандан чакырылган артисттер артисттер - Чолпон Мелисбекова, комузчу, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, Дельфиялык оюндар конкурсунун жеңичүүсү, Президенттик стипендиянын ээси, Рано Асанбекова, скрипач, КРнын Президенттик оркестринин солисти  жана  ырчы Жоодар Айткулиев, ошондой эле Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын маданият тармагынын белгилүү коллективи, ырчы Гульбара Батырбекова, "Мырза айым" фольклордук ансамбли (көркөм жетекчиси Топчубаева Калыс) өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргыз улуттук аянтчасын Нооруз майрамынын конокторунун  ылуу пикирин, жогору кызыгуусун туудурган Элчилик тарабынан уюштурулган Кыргызстандын табиятынын сулуулугун даңазалаган фото көргөзмө, Москвадагы кыргыз диаспорасынын чебер өкүлдөрү Ташиева Даниянын, Казакбаева Дамиранын жана Муллахмедова Шириндин колунан чыккан чебер буюмдар, улуттук кийимдер кооздошту.

Майрамдын балдар үчүн аянтча программасында аниматор Алимкулова Бактыгүл балдар менен оюндарды өткөрүп жатты. В

Улуттук ашкана аянтчасында жана “Аш демдөө Фестивалында” "Ысык-Көл" рестораны жана "MUNDUZ" чайханасы  кыргыздын улуттук түрдүү тамак-аштарын конокторго сунушташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK