Ушул жылдын 28-июлунда, "Россия-Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2021" эл аралык экономикалык саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилитүү жана коргоо боюнча министри А.Н.Шыкмаматов менен Сауд Аравия Королдугунун Экономика министринин орун басары Х.Алватбан, Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын президенти С.А.Нас жана Башкириянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.А.Хакимов менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

1747

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын Сауд Аравиясы, Бахрейн жана Россия Федерациясынын Башкартастан Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө А.Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет элдик инвесторлорду коргоо жана дем берүү жаатындагы жаңы саясаты жөнүндө айтып, аталган мамлекеттердин ишкер чөйрөсүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бизнес-миссияларды алмашуу боюнча алдын-ала макулдашууларга жетишилди. Ошентип, Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Кыргыз Республикасы менен Бахрейндин ортосундагы кызматташтыктын бардык келечектүү багыттарын кылдаттык менен изилдейт деп ишендирди.

Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти өз кезегинде башкир бизнесинин Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, ошондой эле Башкортостан ишкерлер делегациясын жакынкы убакытта Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK