2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында Краснодар жана Хабаровск шаарларына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин консулдук сапарлары пландаштырылган.

1626

Дипломаттар 2021-жылдын 4-ноябрынан 15-ноябрына чейин Краснодар жана Хабаровск шаарларында шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоо жана добуш бере ала турган жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу процедурасын аткарышат.

Жогоруда айтылгандай, Элчилик кайрадан Кыргызстандын жарандарына Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Новосибирск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында ачылган шайлоо участкаларына келүү жана алдыдагы добуш берүүгө активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK