2021-жылдын 11-ноябрында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Гүлнара-Клара Самат Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчылыгынын жетекчиси, Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушту.

1433

2021-жылдын 11-ноябрында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Гүлнара-Клара Самат Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчылыгынын жетекчиси, Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Кыргызстандагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун алдындагы учурдагы коомдук-саясий кырдаал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону камсыз кылуу боюнча өлкөнүн парламентине таза жана ачык шайлоо процесси көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Элчилик ушул жылдын декабрь айында дүйнөлүк адабияттын классиги, философ жана гуманист Ч.Айтматов жазуучунун чыгармачылыгын бүткүл евразиялык этноско өзгөчө таасирин тийгизген элдердин руханий-адептик салттарынын жана улуттук үрп-адаттарынын алкагында философиялык түшүнүү боюнча туулган күнүнө карата “Айтматовду эскерүү кечелерин” биргелешип өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Тараптар ошондой эле келерки жылы Москвада белгилүү жазуучунун демилгеси менен түзүлгөн “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” эл аралык интеллектуалдар форумунун кезектеги жыйынын уюштуруу идеясын талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн өзүнчө темасы болуп Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан сунушталган 2022-жылдын жаз айларында Кыргызстан менен Россиянын фольклорчуларынын масштабдуу жолугушуусун (фестивалын) өткөрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде С.Смирнова Элчиликтин демилгелерин кубаттап, маданиятты жайылтууга, эки өлкөнүн көп улуттуу элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга жана ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK