2021-жылдын 12-ноябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Эквадор Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуан Фернандо Холгин Флорес менен жолугушуу өткөрдү.

1445

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Эквадор Республикасынын ортосундагы мамилелердин келечеги, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары кыргыз-эквадор кызматташтыгын бекемдөө максатында байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK