Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат. Добуш берүү үчүн жаран Кыргыз Республикасынын БШКнын сайтындагы (шилтеме: https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml) шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап, көрсөтүлгөн шайлоо участкасына келүүсү керек. Россия Федерациясынын аймагындагы УШКлардын даректери:
1. Москва ш., Большая Ордынка көч. 62 (УШК №9001, 9005, 9015, 9059) жана Житная көч. 6 (УШК № 9016, №9017);
2. Санкт-Петербург ш. (УШК №9002), Чехов көч., үй-14б, Лит А, бөлмө 2Н;
3. Сургут ш. (УШК, №9014), Югорский тракт, 1 корпус;
4. Красноярск ш. (УШК, №9003), проспект Мира, үй-132;
5. Владивосток ш. (УШК №9004), Алеуцкая көч., үй-11, 1-кабат "Holiday Hotel";
6. Якутск ш. (УШК №9006), Пояркова көч., 4-үй, Достук үйү;
7. Иркутск ш. (УШК №9007), Декабрь окуясы көч., үй-107а;
8. Южно-Сахалинск ш. (УШК №9013), проспект Мира, корпус 2б/5;
9. Хабаровск ш. (УШК №9021), Жумушчулар шаарчасы көч., 13-үй;
10. Краснодар ш. (УШК №9053), Коммунаров көч., 53-үй;
11. Самара ш. (УШК №9052), Воронеж көч., 9-үй, Элдердин достугу үйү;
12. Казань ш. (УШК №9026), Павлюхин көч., 57-үй, Достук үйү;
13. Екатеринбург ш. (УШК №9009), Щорса көч., 54А-үй, 5-кабинет;
14. Тюмень ш. (УШК №9018), Республика көчөсү, 179-үй, Улуттук маданият сарайы;
15. Новосибирск ш. (УШК №9010), Крылова көчөсү, үй-64/1;
16. Томск ш. (УШК №9020), Партизанская көчөсү, 16-үй.