2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандардын добуш берүү процессин тартипке келтирүү максатында Москва шаарындагы 6 шайлоо участкасында (УШК) шайлоочулардын тизмелери алфавиттик тартипте шайлоочунун фамилиясынын биринчи тамгасына ылайык тегиз бөлүштүрүлдү
2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандардын добуш берүү процессин тартипке келтирүү максатында Москва шаарындагы 6 шайлоо участкасында (УШК) шайлоочулардын тизмелери алфавиттик тартипте шайлоочунун фамилиясынын биринчи тамгасына ылайык тегиз бөлүштүрүлдү:
УШК №9001 |
кафе «Номад», Б.Ордынка көч., 62 |
«А» тамгасы; |
УШК №9005 |
Элчиликтин консулдук бөлүмү, Б.Ордынка көч., 64, строение 2, Погорельский тилке тарабынан |
- «Б» дан «Ж»га чейин; |
УШК №9015 |
Элчиликтин консулдук бөлүмү, Б.Ордынка көч., 64, строение 2, Погорельский көчө тарабынан |
- «З» дан «Л»га чейин; |
УШК №9016 |
Орто мектеп №627, Житная көч., 6 |
- «М» дан «О»го чейин; |
УШК №9017 |
Орто мектеп №627, Житная көч., 6 |
- «П» дан «Т»га чейин |
УШК №9059 |
Элчилик, 1 этаж, Б.Ордынка көч., 64 |
- «У» дан «Я»га чейин |
Учурдан пайдаланып, Элчилик Россия Федерациясында жүргөн кыргызстандыктарга активдүү жарандык позицияны көрсөтүүнү жана конституциялык шайлоо укуктарын ишке ашырууну өтүнөт.