А.Джекшенкулов Маврикий Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Махешварсингх Хемлоливу мырзаны кабыл алды

3502

2019-жылдын 15-апрелинде КРнын РФдагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Маврикий Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Махешварсингх Хемлолив мырзаны анын өтүнүчү менен кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктыруучу маселелер талкууланды, эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ жана анын органдарынын алкагында, ошондой эле экономикалык биримдиктердин аянтчаларында кызматташуу боюнча пикир алмашуулар болду.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана туристтик чөйрөлөрдөгү, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагында  кызматташуунун келечеги тууралуу маселелерди карашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK