2022-жылдын 11-февралында Москванын жанындагы Мытищи шаарында эки мектеп окуучусунун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири экинчисин бычак менен сайып салганы тууралуу маалымат россиялык басылмаларда жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жабырлануучу чындап эле Кыргыз Республикасынын 2008-жылы туулган С.О.И. аттуу жараны экенин тастыктайт.

1847

Учурда Москва районунун укук коргоо органдары бул окуяга алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Жашы жете элек бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.

Бул маселе Элчилик тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK