Элчилик Кыргызстандын жарандары тарабынан Россиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө тынчсыздануусун билдирет

1710

Элчилик Кыргызстандын жарандары тарабынан Россиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.

Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган Кыргыз Республикасынын 224 жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон.

Россия Федерациясынын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет.

Антсе да Кыргыз Республикасынын жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар «закладчиктер», тагыраак айтканда курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр (Telegram ж.б.) аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр.

«Закладка» деген эмне? Таңгакталган баңги заты. Аны каткан адам  «закладчик» болуп саналат.

Элчилик эскертет,

  • «Жеңил/оңой» акча өтө кымбатка түшөт. Жаш мекендештерибиздин жана алардын жакындарынын тагдыры түбөлүккө талкаланат. «Закладчиктердин» энеси, балдары жана туугандары жабыркайт.
  • Жасалган кылмыш үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоо керек!!!
  • Баңги затын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтөт.
  • Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү – 7 жыл, эң көп мөөнөтү – ӨМҮР БОЮ эркинен ажыратуу.
  • Абактагылардын көбү 16 жаштан 30 жашка чейинкилер.
  • Баңгизат аны колдонгон жарандарды эле жок кылбастан, таратуучулардын да тагдырын талкалайт.
  • Россияда жүргөн туугандарынарга жана досторунарга телефон чалып, жасалган кылмыштын кесепеттерин эскерткиле!!!

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK