Элчилик тарабынан көрсөтүлгөн консулдук жардам тууралуу

1559

2022-жылдын 11-апрелинде Элчиликтин консулдук кызматкери Москвадагы кыргыз диаспорасынын юристи менен биргеликте мыйзамсыз алынган документтерди (паспорт, миграциялык карта, каттоо) кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жамааттык кайрылуусу боюнча Псков областынын Великие Луки шаарына барды.

Сапар учурунда 2022-жылдын 24-февралынан 01-апрелине чейин Великие Луки шаарына Кыргыз Республикасынын жарандарынын 28 адамдан (аялдар) турган тобу Россия Федерациясынын 1998-жылы туулган жараны Г.Р. аттуу «Форест» ЖЧКсынын өкүлүнүн жардамы менен келгендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында КРнын 25 жаранынын документтери ээлерине кайтарылып берилди. Кыргыз Республикасынын үч жараны «Форест» ЖЧКсынын объектисинде калып, иштөөнү улантууну каалоолорун билдиришти.

Диаспоралык уюмдардын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын жарандарын Москва шаарына алып чыгуу боюнча трансфер уюштурулуп, анда эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде жүргүзүүнүн маанилүүлүгү, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK