Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) филология факультетинин Ч.Т.Айтматов атындагы аудиториясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, ойчул, окумуштуу жана педагог Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына жана анын замандашы Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган «Адабий мурас: салттар, улантуучулук, актуалдуулук» аттуу эл аралык конференция болуп өттү

1370

2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) филология факультетинин Ч.Т.Айтматов атындагы аудиториясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, ойчул, окумуштуу жана педагог Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына жана анын замандашы Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган «Адабий мурас: салттар, улантуучулук, актуалдуулук» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары Россиянын Элдердин достугу университети, АКУ «Россия-кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерин колдоо борбору», АКУ «Назар» коомдук-маданий демилгелери жана Кыргызстандыктардын «Ысык-Көл» коому болуп саналат.

         Конференцияга Т.Сыдыкбековдун уулу, акын жана архитектор Сабыр Сыдыкбеков катышып, «Т.Сыдыкбеков – ата жана жеке адам катары» аттуу темада; «Түгөлбай – Ата» коомдук бирикмесинин мүчөсү, наследия Т.Сыдыкбековдун мурастарынын популяризатору Алихан Ибраимов «Улуттук залкарлардын унутулгус элеси» аттуу темада; Эл аралык Орус адабияты академиясынын (МАРС) ардактуу мүчөсү жана Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Россиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана прозаик Василий Бородин «Люди тех дней – Т.Сыдыкбеков и Ч.Айтматов» аттуу темада; Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Г. Державин атындагы Бүткүл россиялык адабий сыйлыктын лауреаты Юрий Коноплянников «Значение творчества классической кыргызской литературы в современном мире» аттуу темада; акын, прозаик, романист, публицист, сценарист, котормочу, Россиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү Нелли Копейкина «Вклад литераторов в развитие дела сохранения национальных языков и культурных идеалов Отечества» аттуу темада;  М.Шолохов атындагы ММГУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү Жазгуль Жандарова «Т.Сыдыкбеков – биография, этапы жизни и творчества» аттуу темада; Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун 2-курсунун студенти Каныкей Усубалиева «Анализ произведений Т.Сыдыкбекова «Люди нашего времени и «Женщины»» аттуу темада; РУДНдин бүтүрүүчүсү Гульназ Опузбекова «Родоначальник кыргызского реалистического романа и олицетворение народного духа – эпос «Манас» аттуу темада баяндама жасашып, ошондой эле Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора бирикмелеринин башка көптөгөн өкүлдөрү жана активисттери катышышты.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Саматтын куттуктоо сөзүндө Т.Сыдыкбековдун кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгиленип, анын чыгармачылык тагдырында бүтүндөй калыптануу процесси камтылганы айтылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK