Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2022-жылдын 21-майынан тартып жарандарды кабыл алууну уюштуруу боюнча ишти андан ары тартипке келтирүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө консулдук маселелер боюнча кабыл алууларга алдын ала жазылуунун жаңы системасы ишке ашырылып жатканын маалымдайт.

1920

2022-жылдын 21-майынан тартып, msk.pasport.kg@mail.ru, msk.prava.kg@mail.ru электрондук почталары боюнча катталуулар токтойт 
Алдын ала катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин расмий сайтында жайгаштырылган шилтеме боюнча өтүү зарыл https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf . 
Элчилик ошондой эле консулдук кызматтарды алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси Элчиликтин сайтында "Консулдук маселелер/көрсөтүлүүчү кызматтар" бөлүгүндө  жайгашканына жарандардын көңүлүн буруп бурат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK