Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын Кеңешчи-консулу У.Ашимов Кыргыз Республикасынын 8 жараны кармалып турган Россиянын Ички иштер министрлигинин Сургут шаары боюнча Ички иштер башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына (ЦВСИГ) барды.

1358

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын Кеңешчи-консулу У.Ашимов жана «Сургут биримдиги» коомдук уюмунун жетекчиси К.Кимсанов Кыргыз Республикасынын 8 жараны кармалып турган Россиянын Ички иштер министрлигинин Сургут шаары боюнча Ички иштер башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына (ЦВСИГ) барды.

иш - сапардын жүрүшундө Борбордун жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын жарандарын кызыктырган бардык маселелер, ошондой эле консулдук жана укуктук маселелер боюнча консультациялар берилди.

         Борбор жана Федералдык соттук аткаруучулар кызматынын Сургут шаары боюнча департаменти менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын бардык жарандары Россиянын Федералдык сот аткаруучулар кызматы тарабынан бекитилген графикке ылайык, жакынкы мезгилде өз мекенине кайтарылуусу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK