Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандар менен Telegram платформасы аркылуу консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында “Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин робот-консультанты” маалыматтык чат ботун ишке киргизгендигин билдирет: https://t.me/kg_consulBot

Элчиликтин виртуалдык жардамчысы жарандарга консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде консультация алууга автоматтык түрдө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:
• Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;
• Кыргыз Республикасынын паспортун берүүнүн тартиби;
• Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;
• Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;
• консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби;
• жана башка сурроолор боюнча.
Ошол эле учурда Элчилик Консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-каналы ачылууда. Элчиликтин телеграм каналына төмөнкү шилтеме боюнча жазылсаңыз болот: https://t.me/kg_consul .