Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын Калуга облусунун Ульяновск районунда Бүткүл россиялык «Эстелик күзөтү-2019» акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун өткөн талааларында издөө экспедициясынын учурунда Мелихово айылына жакын жерде учкучтун сөөгү кырсык болгон жерден табылган.

1464

Иликтөө иштеринин натыйжасында табылган сөөк Чкаловский 3-жогорку авиациялык учкучтар окуу жайында окуган кенже лейтенант Гусак Михаил Николаевичке таандык экени аныкталган, ал Кировоград областында 1922-жылы төрөлүп, Фрунзе шаарынын Свердлов райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. 1943-жылдын 15-июлунда Калуга облусунун Ульяновск районундагы Мелихово айылына жакын жерде кенже лейтенант М.Гусактын учагы атып түшүрүлүп, учак кулап, учкуч каза болгон. Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук башкармалыгындагы документтерде учкуч М.Н.Гусактын энеси Фрунзе шаарында жашаган София Федоровна Гусак болуп аныкталган.

Буга байланыштуу Элчилик каза болгон кенже лейтенант М.Гусактын жакындарын жана урпактарын байланашууга өтүнөт. Байланыш маалыматтары: тел.: +7 995 720 08 11; e-mail: kgembassy.ru@mfa.gov.kg .

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK