Жалпыга маалымдоо каражаттарына «Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетип каза болду, кылмышкер уурулук фактысын айтып, унааны өрттөп жиберген» деп жарыяланган маалымат боюнча Элчилик төмөнкүдөй маалымдайт.

2022-жылдын 16-июнь күнү Россия Федерациясынын Ленинград облусунун Всеволожск шаарында айдоочу Е.Р.С Кыргыз Республикасынын жаранын, 1980-жылы төрөлгөн О.А.Д.ны сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү О.А.Д. алган жараатынан окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда айдоочуга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 4-бөлүгүнүн «б» пункту менен кылмыш иши козголуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Бул маселе Санкт-Петербург шаарындагы Элчиликтин кеңсесинин (бөлүмүнүн) өзгөчө көзөмөлүндө болуп, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн репатриациялоого керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.