Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү

2628

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандары тез арада чара көрүүнү жана консулдук-укуктук жардам берүүнү талап кылуучу оор кырдаалдарга туш болгон учурда төмөнкү Консулдун (+7 (925) 115 – 50 – 47) «ишеним телефону» иштерин билдирет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен байланышты өркүндөтүү максатында заманбап технологияларды колдонуу менен WhatsApp (+7-925-115-50-47) жана Telegram («Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин Робот-консультанты»: https://t.me/kg_consulBot) мессенджеринин платформасында Элчилик тарабынан мекендештерге консулдук кызматтарды алуунун тартиби боюнча автоматташтырылган консультацияларды берген «өзүн-өзү тейлөө» (кыргыз жана орус тилдеринде) чат-боту ишке киргизилгенин белгилейбиз.

Чат-боттордун иштеши жана өркүндөтүлүшү боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди төмөнкү: kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук почта дарегине жөнөтсө болот.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK