Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен Элчиликтин Консулу М.Жолдошбеков менен Москва шаарындагы жана Москва областындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

1138

 

2022-жылдын 19-июлунда Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен Элчиликтин Консулу М.Жолдошбеков менен Москва шаарындагы жана Москва областындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын арасында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле айрым мекендештердин адеп-ахлактык жүрүм-туруму талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын жарандарынын катышуусундагы баңги кылмыштарынын өсүшүнө тынчсызданууларын билдиришти. Ошондой эле жердештер тарабынан өз мекендештерине карата жасалган алдамчылык аракеттеринин көп сандаган фактыларына өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жогоруда аталган укук бузууларды жасоосуна жол бербөөгө багытталган биргелешкен профилактикалык иш-чаралар сунушталып, пландаштырылды.

Иш-чарага Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү да катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK