Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги «Консул маалымдайт» долбоору ишке киргизилгендигин билдирет.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүк көрсөткөн консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтар тууралуу жарандарды маалымдоону жогорулатуу максатында «Консул маалымдайт» долбоору ишке киргизилгендигин билдирет.
Бул долбоор аркылуу жарандарга Элчиликтин расмий сайтында, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылуучу ар кандай консулдук маселелер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеоматериалдар сунушталат.