Элчиликтин 2022-жылдын 28-сентябрындагы Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу маселеси боюнча маалыматтык билдирүүсү

10184

Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, башкача айтканда, миграциялык каттоосу жок жана (же) эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары иш жүзүндө жашаган жери боюнча тез аранын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча аймактык башкармалыктарына кайрылып, жана укуктук абалын жөнгө салуу үчүн төмөнкү жол-жоболорду аткаруусу керек:

1. Манжа изин милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүп, тиешелүү документти алуу.

Милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосун Россиянын Ички иштер министрлигинин «Паспорттук-визалык кызмат» Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын филиалдарында, андан тышкары Москва шаарында төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Вороновское поселогу, Варшавское шоссеси, 64 км, 1-үй, 47-строение, «Көп функционалдуу миграция борборунан» өтүүгө мүмкүн.

Маалымат үчүн: Бул процедура бир жолку жана акысыз. Жаныңызда паспортуңуз жана миграциялык картаңыз болушу керек.

2. Иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу. Россия Федерациясында болуу мөөнөтүн (миграциялык каттоо) узартуу үчүн, ошондой эле төмөнкүлөр болушу керек:

- эмгек (жарандык-укуктук) келишим (Россияга жумушка орношуу максатында келген учурда);

- окуу жайларында билим алып жаткандыгын тастыктаган документ (окуу максатында Россияга келген учурда).

Эскерте кетсек, жогоруда айтылгандарга байланыштуу Россиянын аймагына кирип/чыгуунун зарылдыгы жок.

Бул процедуралардан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары административдик жоопкерчиликке тартылбайт (штраф, Россиядан административдик чыгаруу / депортациялоо).

Ошону менен бирге, Элчилик Россия Федерациясындагы терроризмге каршы иш-чаралардын жогорку деңгээлине байланыштуу Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан өлкөнүн бардык аймагында текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгына көңүл бурат. 

Ушуга байланыштуу Россиянын Ички иштер министрлигинин органдары чет өлкөлүк жарандарды өлкөдө жүрүүнүн миграциялык режимин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга (айып пул салуу, депортациялоо) ыйгарым укук берилген.

Буга байланыштуу Элчилик келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын белгилейт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан Россия Федерациясында жүрүү укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүнү, ошондой эле ар кандай уруксатсыз чогулуштардан качууну суранат.

Элчилик, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Бул маалымат мекендештерибизди адаштырып, терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK