2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.-К.Самат Улуттук изилдөө университетинин «Экономикалык жогорку мектебинде» болуп, анын 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

805

2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.-К.Самат Улуттук изилдөө университетинин «Экономикалык жогорку мектебинде» болуп, анын 30 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси «Весь мир в одной Вышке» аттуу фестивалдын алкагында Улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинин Кыргызстандык студенттери тарабынан даярдалган өлкө стенди менен таанышты. Элчи Г.-К.Самат кыргызстандык студенттер менен баарлашуу учурунда студенттик стартаптарды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле эң кызыктуу жана келечектүү стартап идеяларын андан ары каржылоо үчүн Россиянын абройлуу бизнес структуралары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүнө ишендирди.

Мындан сырткары Улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинин Ректору Н.Ю.Анисимов менен өзүнчө жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында Ректор Н.Ю.Анисимов жетектеген Улуттук изилдөө университетинин Жогорку Экономика мектебинин делегациясынын Бишкек шаарына иш-сапары пландалган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK