Ноябрь айында консулдук бөлүм тарабынан аткарылган иштер тууралуу

971

2022-жылдын ноябрь айында дипломатиялык өкүлчүлүк консулдук багыт боюнча иш алып баруу боюнча Канцеляриялар менен бирдикте, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын жетекчилери/өкүлдөрү менен жолугушуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болгон жерге 55тен ашык сапарларды ишке ашырды.

Элчиликтин жардамы менен Россия Федерациясынын аймагында каза болгон 16 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлүп, 54 мекендешибиздин 596 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акысын өндүрүү маселеси оң жагына чечилди, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргызстандын 26 жараны жоопкерчиликтен бошотулду, Кыргыз Республикасынын 3 жаранына карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдери жокко чыгарылып, турмуштук оор кырдаалга кабылган 7 жаран документтештирилип, мекенине кайтарылды.

Элчиликтин Красноярск шаарындагы Канцеляриясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган энесине атайын балдар мекемесине жайгаштырылган 4 баласы кайтарылып берилди.

Элчиликтин Россия Федерациясында соттолгон кыргызстандыктарга карата укук коргоо иш-чараларынын натыйжасында Элчиликтин, Канцеляриялардын кызматкерлери жана Ардактуу консулдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 85 жаранына карата ар бири менен жекече баарлашуу менен Воронеж, Тверь, Оренбург, Рязань, Липецк областтарынын, ХМАО-Югра (Нижневартовск ш.), Башкортостан Республикасы жана Хабаровск крайынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелерине баруу ишке ашырылды.  .

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 6 жолугушуу өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 6909 адамга консультациялар берилип, консулдук багыт боюнча 11 маалыматтык билдирүү Элчиликтин сайтында жарыяланды.

Ушул жылы Элчилик Канцеляриялар менен биргеликте 122 296 консулдук иш-чараны ишке ашырса, анын 8 375и 2022-жылдын ноябрь айында ишке ашырылган.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган ишин улантат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK