2023-жылдын 4-январында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Нурбаевдин, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн кыргыз аймактык диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери менен жолугушуусу болуп өттү.

993

2023-жылдын 4-январында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Нурбаевдин, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнүн кыргыз аймактык диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар миграция чөйрөсүндөгү негизги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Россия Федерациясындагы миграциялык абал, ошондой эле өткөн жылы кабыл алынган мыйзам ченемдери тууралуу маалымат беришти. Терс кесепеттерди жоюу үчүн келген мамлекеттин мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого көңүл бурулду.

Ошону менен бирге, Элчиликтин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсү боюнча мыйзамдуу эрежелерди сактоо жана алдын алуу максатында миграция жана башка маселелер тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын расмий жана ишенимдүү гана маалыматты алуусунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын жакшыртууга багытталган аракеттерди бириктирүү жана мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү максатында мындан аркы байланышты колдоону улантуу сунушталды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Нурбаевдин Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн иши менен таанышуусунун алкагында, консулдук кызматтар жана юридикалык кеңештер боюнча тиешелүү маалыматтар берилди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK