Элчиликтин 2023-жылдын 10-январындагы пресс - релизи
Элчилик Москва жана Москва областынын Кыргыз диаспора кеңеши, «Мир Вам» окуу борбору жана «Агартуу билим борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырып жаткан «КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙЛҮ!» социалдык долбоорунун 3-сезонунун алкагында, 2023-жылдын январынан апрель айына чейин (ар ишемби сайын) мекендештердин балдарынан турган топ Элчиликтин имаратында кыргыз тилин бекер окушат.
Москва шаарында жашаган кыргызстандык эмгек мигранттарынын балдарын өздөрүнүн тарыхый тамыры, каада-салты менен тааныштырууга, ошондой эле кыргыз тилин үйрөтүүгө салым кошкон долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоордун жетекчиси Роза Адышева башында турган Москва шаарында жашаган мекендештердин арасынан 7 кесипкөй мугалим тартылган.
Элчилик тарабынан кышкы мектептин окуу процессин камсыздоо үчүн бардык шарттар менен жабдылган класс уюштурулган.
Бул социалдык долбоордун 3-сезонунун салтанаттуу ачылышы 2022-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде аксакалдардын жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин катышуусунда болуп өттү.