КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңешчиси Э.Омуралиевдин «Деловая Россия» бүткүл россиялык бизнес-ассоциациясынын аткаруу комитетинин Вице-президенти, Жетекчиси Н.Каграманян менен жолугушуусу тууралуу

479

Элчиликтин экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча иштеринин алкагында 2023-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчиси Э.Омуралиев «Деловая Россия» бүткүл россиялык бизнес-ассоциациясынын аткаруу комитетинин Вице-президенти, Жетекчиси Н.Каграманян менен жолугушту.
«Деловая Россия» 7000ден ашык бизнесмендерди бириктирип, жылдык кирешеси 5,3 триллион рублди түзөт жана Россия Федерациясынын 85 субъектисинде иш алып барат.
«Деловая Россия» объединяет более 7000 бизнесменов, суммарная годовая выручка предприятий составляет порядка 5,3 трлн руб., представлена в 85 субъектах РФ.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен «Деловая Россиянын» ортосундагы кыргыз жана россиялык ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоо боюнча өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты.  Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бизнес-бирикмелеринин ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 
  Жолугушуунун соңунда Тараптар эки өлкөнүн бизнес- кызматташуусунун  жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө максатында Россияда да, Кыргызстанда  да бир катар иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK