2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Элчилигинин Канцеляриясынын (бөлүмүнүн) өкүлдөрү Пискаревский мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу боюнча салтанаттуу аземине катышты.

410

2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Элчилигинин Канцеляриясынын (бөлүмүнүн) өкүлдөрү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик блокададан Ленинградды бошотуунун 79-жылдыгына карата Пискаревский мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу боюнча салтанаттуу аземине катышты.

Пискаревский мемориалдык көрүстөнүнө курман болгон ленинграддыктардын элесин эскерүү үчүн мамлекеттик органдардын, куралдуу күчтөрдүн, ардагерлердин жана блокададан аман калгандардын уюмдарынын, шаардын башка коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана Санкт-Петербургдун тургундары келишти.

Санкт-Петербургда аккредитацияланган консулдук мекемелердин өкүлдөрү да «Мекен-Эне» монументине гүл чамбарларды жана гүлдөрдү коюшту.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK