Элчиликтин 16-февралдагы маалыматтык билдирүүсү

507

2023-жылдын 15-февралында Армения Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы М.Жолдошбеков Армения Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Г.Мкртчян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция чөйрөсүндөгү, анын ичинде ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу аспектилерин талкуулашты, жана жарандарды консулдук кызматтар менен камсыз кылууга, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу менен консулдук багытта дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин уюштуруу боюнча практикалык тажрыйба алмашышты.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында тараптар консулдук чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK